• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку сот “Ак-Кула” ипподромунун комплексинин сатылышын мыйзамсыз деп тааныды

Коом 0

Бишкек, 12.09.17 /Кабар/. Жогорку сот Бишкектеги “Ак-Кула” ипподромунун комплексин жеке менчикке сатуу-алуу келишимин жараксыз деп тааныды. Мындай чечимди 2017-жылдын 7-сентябрында жогорку инстанциядагы сот кабыл алып, биринчи жана экинчи инстанциядагы соттордун чечимин күчүндө калтырды. Ошентип, борбор калаанын Ленин райондук сотунун доо арыздары канааттандырылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 1997-жылдын 11-февралындагы Айыл жана суу чарба министрлигинин жер агрардык реформасы боюнча башкармалыгынын чечими менен “Ак-Кула” акционердик коому “Ак-Кула” АК болуп кайра түзүлгөн. Анда 80% акция эмгек жамаатына, 20% акция Айыл чарба министрлигине берилген.

1998-жылы 23-февралда Айыл чарба министрлиги менен “Ак-Кула” АК ортосунда сатуу-алуу келишими түзүлүп, “Ак-Кула” АКсы ипподромдун мүлк комплексин сатып алат.

Андан соң 1998-жылы 28-июлда Айыл жана суу чарба министрлигинин жер агрардык реформасы боюнча борбору тарабынан “Ак-Кула” АКсына ипподромдун мүлктүк комплексине ээлик кылуу укугу тууралуу күбөлүк берилген.

Бирок, буга чейин 1995-жылы 30-октябрда “Бишкек жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна өткөрүп берилген обьекттердин тизмеси тууралуу” өкмөттүн токтомуна ылайык, ипподром Бишкек мэриясынын менчигине берилсе, 1996-жылы Бишкек шаардык кеңешинини токтому менен ипподром мэриянын балансына алынган.

Ошентип, Айыл чарба министрлигинин бул мүлк комплексин башкарууга укугу болгон эмес. Себеби ипподром министрликтин карамагынан чыгарылган. Демек, келишим жараксыз болуп саналат.

Прокуратурадан ипподром комплекси тарыхый объект жана Кыргызстандын элинин маданий мурасы экенин эскертип, аны менчиктештирүүгө болбой турганын белгилейт. Буга байланыштуу Ленин райондук прокуратурасы райондор аралык сотко доо арызын жазган.

Пикир

Оставить комментарий