• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жогорку сот Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду бошотту. Анын себеби – жаңы Кылмыш кодекси

Коом 0

Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыров бошотулду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Жогорку соттун коллегиясы соттолгон Асанов менен Кадыровдун жаңы жагдайлар боюнча арызын жана КРнын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №27 мекемесинин сунуштамасын караган.

Анда Жогорку соттун 2018-жылдын 7-июнундагы Асанов жана Кадыровго карата токтому өзгөртүлүп, 4 жыл 9 айга эркинен ажыратуу белгиленген.

Соттук коллегия Асанов менен Кадыровду жазасын өтөгөнүнө байланыштуу бошотуу боюнча чечим чыгарган. Соттолгон Асанов жана Кадыровдор менен №27 мекеменин сунуштамасы канааттандырылган.

"Асанов менен Кадыров бийликти басып алууга даярданганы боюнча соттолушкан. Жаңы Кылмыш кодексинин 76-беренеси бул кылмышка жазаны жумшарткандыктан, ал мурунку чечимдерге да колдонулат. Жаңы Кылмыш кодексинин талаптарына ылайык бул нормага туура келген адамдар алардын жазасын кайра каралып чыгышына укугу бар", - деп белгилешти Жогорку соттон.

Пикир

Оставить комментарий