• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку сот Дамир Мусакеевге карата чыгарылган чечимди жокко чыгарды

Коом 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Жогорку сот Мамлекеттик күзөт кызматынын (УКМКнын 9-кызматы) мурунку башчысы Дамир Мусакеевге карата эки инстанциянын чечимин жокко чыгарды.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, чечим бүгүн, 9-декабрда чыкты.

Дамир Мусакеевге карата кылмыш иши соттун башка курамы менен Свердлов райондук сотуна кайра кароого жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, Мусакеев Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыпталып, Свердлов райондук соту тарабынан беш жылга эркинен ажыратылган.

Пикир

Оставить комментарий