• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку сот К.Самаковго карата өкүмдү жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Карганбек Самаковго карата козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы экс-депутат Карганбек Самаковго чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, экс-депутат К.Самаков жана башка жактар 2008-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айылдарындагы жалпы аянты 262 гектар болгон жерди мыйзамсыз өздөштүрүп алууга айыпталган.

2015-жылы “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ушул жылдын башындагы соттук процесстин жүрүшүндө прокурор Карганбек Самаковго 19 жыл эркинен ажыратууну, Чудинов жана Айдаралиевге – 11 жыл, Курманбек жана Жаныш Бакиевдерди 18 жылга эркинен ажыратууну сураган.

Пикир

Оставить комментарий