• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Жогорку сот Каныбек Бакиевдин ишине байланыштуу чечимге түшүндүрмө берди

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку соту Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин иниси Каныбек Бакиевге карата чыккан соттун чечимине түшүндүрмө берди.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жогорку соттун биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес.

"Азыркы Кыргыз Республикасынын ЖПКде актоонун негизи катары күнөөсү далилденбегендиктен актоо каралбагандыгына карабастан, соттор өкүмдүн актоо бөлүгүн кабыл алууда Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 340-беренесинин талаптарын бузуу менен жогоруда көрсөтүлгөн негиз менен акташкан.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги токтому менен прокурордун кассациялык сунушу канааттандырылып, ал эми К. Бакиевди актоо тууралуу жактоочунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган".

Пикир

Оставить комментарий