• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жогорку сот: Келдибеков менен Масалиев президенттик шайлоого катышпайт

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 15.09.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. Ахматбек Келдибеков менен Исхак Масалиев 15-октябрда өтүүчү президенттик шайлоого катышпайт. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында маалымдалат.

Билдирүүгө ылайык, Жогорку сот А.Келдибековдун Бишкектин райондор аралык сотунун ушул жылдын 8-сентябрында чыгарган чечимине даттануу арызын карап, соттуулугу жокко чыгарылбагандыктан Боршайкомдун Келдибековду президенттикке талапкер кылып каттабоо чечимин күчүндө калтырды.

Андан сырткары, И.Масалиевге карата Бишкектеги райондор аралык сотунун өкүмүн сотко кайрылуунун убактысы өткөнүнө байланыштуу күчүндө калтырып, БШКнын аны президенттикке талапкер катары каттоодон баш тартуу чечимин күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий