• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку сот кримтөбөл “Женгонун” ишин кайра кароого жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Жогорку сот кримтөбөл Кадырбек Досоновдун (“Женго” каймана аты бар) ишин кайра кароого жөнөттү.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, 21-сентябрда эки инстанциянын чечими жокко чыгарылган.

Эскерте кетсек, Ош облустук сотунун чечимине ылайык, Жазык кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүгүндөгү 2-пункту (2017-жылкы редакция: “Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу”) менен Кадырбек Досоновдун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

Ош облустук сотунун кылмыш-жаза иштери жана жоруктар боюнча иштеринин соттук коллегиясынын 21-июлдагы өкүмүнүн негизинде Кара-Суу райондук сотунун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Пикир

Оставить комментарий