• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку сот Кубанычбек Кулматовго карата баш коргоо чарасын өзгөрттү

Коом 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Жогорку сот Бишкек шаарынын экс-мэри Кубанычбек Кулматовго карата баш коргоо чарасын өзгөрттү.

Кулматовго коюлган 5 млн сом өлчөмүндөгү айып 4,4 млн сомго кыскартылды.

Ал эми Капиталдык курулуш коомдук-мамлекеттик башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Өмүркановго 130 миң сом, Кубат Шаршекеевге 50 миң сом, Сеиткан Алиевге 70 миң сом айып коюлду. Д.Яковлев, Б.Турусбеков жана А.Гүлжигитовго 300 миң сом өлчөмүндө айып салынды.

Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовго карата өкүм күчүндө калтырылды. Ал 15 жылга эркинен ажыратылган. Ибраимов Октябрь окуясынан кийин качып жүрөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаардык соту Ленин райондук сотунун А.Ибраимов, К.Кулматов, Д.Яковлев, Б.Турусбеков жана А.Гүлжигитовго карата чыгарган өкүмүн күчүндө калтырган. Алар коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган.

Пикир

Оставить комментарий