• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Салянованын кылмыш ишин кайра кароодон баш тартты

Коом 0

Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-январда Жогорку сот мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын иши боюнча кассациялык даттанууну карады.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жогорку сот тарабынан Аида Саляновага карата жаңы ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгоону калыбына келтирүү жөнүндө чечим четке кагылды.

Эскерте кетсек, Салянова кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган. Ал 2010-жылы юстиция министри катары Алексей Елисеевге адвокаттык лицензияны мыйзамсыз узарткан. Сот Салянованы 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Бирок анын кызы 14 жашка чыкканга чейин соттун чечими күчүнө кирбейт.

Пикир

Оставить комментарий