• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку сот мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевди актады

Коом 0

Бишкек, 18.02.19 /Кабар/. Жогорку сот парламенттин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиевди актады. Бул тууралуу соттун маалымат кызматы кабарлады.

Осмоналиевге карата кылмыш иши 2014-жылы Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 27 студенттин мыйзамсыз кабыл алынышы боюнча козголгон.

УКМКнын маалыматы боюнча, абитуриенттер окуу жайынын жетекчилигине ошол учурдагы парламенттин Билим берүү комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевдин жазган катынын негизинде кабыл алынганын билдирген.

Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сот Осмоналиевди актаган чечим чыгарган. Айыптоочу тарап соттун чечимине нааразылык билдирип, жогорку инстанцияга кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий