• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жогорку сот: Ок менен кармалган аял аны жанында тумар катары алып жүргөн

Коом 0

Бишкек, 12.90.17. /Кабар/. Жогорку соттун имаратында ок дарылар менен кармалган аял, аны тумар катары алып жүргөндүгүн айтты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-сентябрда 40 жаштагы аял Жогорку соттун имаратына кире беришинде текшерүү учурунда кармалган. Анда 7,62 мм калибрлүү ок дары табылган. Аял Жогорку соттун имаратын кайтарып турган КРнын Улуттук Гвардиясынын солдаттары тарабынан кармалган. Иликтөө иштери үчүн кармалган аялды тиешелүү кызматтын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жогорку соттон билдиришкендей, кармалган аял Жогорку соттун судьялары карап жаткан отурумда тараптардын бири болгон. “8-сентябрда аял Жогорку сотко соттук актыны алууга келген экен. Ал эми табылган ок боюнча, ал аны жанында тумар катары алып жүргөндүгүн билдирип, окту пайдаланууну көздөбөгөндүгүн айтты”,-деп түшүндүрүштү Жогорку соттон. Ошондой эле, аял III топтогу майып экендиги маалым болду. ММКлардын маалыматы боюнча, кармалган аял – Донбасста көзгө атар снайпер.

Пикир

Оставить комментарий