• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку Cот Сапар Исаковду 5-августка чейин камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.07.18. / Кабар/. Жогорку Cоттун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулары боюнча соттук коллегиясы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-августка чейин камакта калтырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Чечим бүгүн, 24-июлда кабыл алынып, иш жабык режимде каралган.

Соттук коллегия Биринчи май райондук сотунун жана Бишкек шаардык сотунун соттук актыларын өзгөртүп, камакта 5-августка чейин кармоо чечимин кабыл алды.

Эске салсак, С.Исакрв Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо алкагындагы коррупцияга күнөөлөнүүдө.

Биринчи май райондук соту С.Исаковду тергөө аяктаганга чейин камакта калтырган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалыматына караганда, Исаков 2013-жылы президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары даражасындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБди модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш-аракеттерди кылуу аркылуу подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Пикир

Оставить комментарий