• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку сот Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.08.18. /Кабар/. Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 5-октябрга чейин камакта калтырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин Бишкек шаардык соту Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы тууралуу биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Белгилей кетсек, анын баш коргоо чарасын жогорку инстанция бүгүн карап чыккан.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр станциясын модернизациялоо иши боюнча коррупцияга айыпталууда.

Пикир

Оставить комментарий