• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Бүгүн Жогорку сотто Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун иши боюнча соттук отурум өттү.

Белгилей кетсек, бул иш боюнча адвокаттар, кылмыш иши ушул жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы мыйзамдар боюнча кайра каралышы мүмкүн деген өтүнүч келтирип, алар ишти кайра карап, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жаңы ачылган жагдайлар боюнча жаңы кароого жөнөтүү жана мурдагы сот чечимдерин жокко чыгарууну суранышкан.

Соттор кеңешме бөлмөсүнө чыгып кетишип, андан кийин өтүнүч канааттандырылбаганын билдиришкен. Бул акыркы чечим болуп, кайра даттанууга жатпайт.

Эске сала кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 16-августундагы өкүмү менен Текебаев менен Чотонов 303-берене ("Коррупция") менен күнөөлү деп табылып, 8 жылга эркиндигинен ажыратылган.

"Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 65 жылдыгына байланыштуу мунапыс" жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктунун негизинде Текебаев жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылган.

Бишкек шаардык сотунун 2017-жылдын 2-октябрындагы өкүмү менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун соттук акты өзгөртүүсүз калтырылган.

Өз учурунда, Жогорку сот 2017-жылдын 21-ноябрындагы токтому менен жогорудагы өкүмдөрү күчүндө калтырган.

Пикир

Оставить комментарий