• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку сот шаардык соттун Жапаров, Ташиев жана Мамытовго карата чечимин күчүндө калтырды

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Жогорку сот 2020-жылдын 16-октябрындагы чечими менен соттолгондор Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайрадан карап чыгуу өтүнүчүн канааттандырды.

Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, андан тышкары, КР Башкы прокуратурасынын корутундусу канааттандырылган. КР Жогорку сотунун 2013-жылдын 6-августундагы токтому жана жеке аныктамасы жокко чыгарылып, жазык иши кассациялык тартипте кароого жөнөтүлдү.

«Ошондой эле К. Ташиев, Т.Мамытов, С.Жапаров, Б.Исаев, К. Камчыбеков жана С.Кадырбаевге карата Жогорку соттун 2020-жылдын 16-октябрындагы токтому менен Бишкек шаардык сотунун 2013-жылдын 17-июнундагы чечими күчүндө калтырылды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий