• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жогорку сотко жаңы дайындалган судья Турсунгүл Чаргинова өз милдетин аткарууга киришти

Коом 0

Бишкек, 17-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 17-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жаңы дайындалган судьясын соттук коллегияга шайлоо тууралуу КР Жогорку сотунун Пленуму болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Пленумда Жогорку соттун судьяларынын бир добушу менен Чаргинова Турсунгүл Толепековна Жогорку соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын мүчөсү болуп шайланды.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Президент тарабынан сунушталган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялык кызматына талапкер Турсунгүл Чаргинованы жактырган. Отурумда парламенттин тиешелүү токтому кабыл алынып, Т. Чаргинова парламентте ант берген.

Пикир

Оставить комментарий