• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жогорку сотто коррупцияны алдын-алуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 25-майында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конференц-залында “Сот тутумундагы коррупцияны алдын-алуу жана ага бөгөт коюу боюнча коррупцияга каршы механизмдерди иштеп чыгуу” аталыштагы тегерек үстөл өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева жана USAID - IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын жетекчиси Фред Хьюстон мырза сөз сүйлөштү.

А. Токбаева өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: “Биздин мамлекетибиздин жетекчилиги тарабынан республикада коррупция менен күрөшүү маселелерине чоң көңүл бөлүнүүдө жана аны менен күрөшүүгө бекем эрк бар.

Өлкөнүн жетекчилиги тарабынан коррупция менен күрөшүүдө стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алынган. Алардын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 “Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө”, 2012-жылдын 2-февралындагы “Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө”, 2012-жылдын 8-августундагы “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыктары, “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратиегиясын” өзгөчө белгилөөгө болот жана башка мамлекеттик масштабтагы документтер. Бул документтердин максаты болуп коррупцияга каршы туура жана салмактуу саясат өткөрүү, ал өз учурунда биздин республикадагы коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жардам берет”.

Буга кошумча кыргыз Фемида башчысы сот тутумундагы коррупциянын дэңгээлин төмөндөтүүгө багытталган иш чаралардын өткөрүлүп жаткандыгы тууралуу айтып берди.

USAID - IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын жетекчиси Фред Хьюстон мырза Жогорку соттун бүгүнкү тегерек үстөлдүн аталышын жакшы жана туура белгилегендигин айтып, чындыгында бүгүн коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү боюнча бул механизмдерди, сунуштоолорду иштеп чыгуу канчалык маанилүү экендигин белгиледи. Бүгүнкү талкуу учурунда тегерек үстөлдүн катышуучуларынан ой-пикирлер, сунуштар айтылаарын күтүп жаткандыгын да сөз кылды.

Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө “SIAR research and consulting” компаниясынын директору А. Сагынбаева “Коррупция менен күрөшүү алкагында сот тутумунун ишмердүүлүгүн изилдөө” аталыштагы бет ачарын тартуулады.

Ошону менен бирге, укуктук эксперт, ю.и.к., доцент Чинара Мусабекованын “Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы 2012 жана 2016-жылга карата коррупцияны баалоо боюнча изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын салыштырмалуу талдоо” отчету тартууланып, анын жыйынтыктары боюнча коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чараларды жакшыртуу боюнча жалпы кепилдемелер сунушталды.

Андан соң, катышуучулар Кыргыз Республикасынын сот тутумундагы коррупцияга каршы күрөшүү чаралары боюнча маселелерди талкуулашты.

Тегерек үстөлгө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрагасы, Бишкек шаарынын райондук сотторунун, Бишкек шаардык сотунун, жергиликтүү соттордун төрагалары, Жогорку сотко караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору, Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин өкүлү, Кыргыз Республикасындагы Укук өнүгүүсүнүн эл аралык уюмунун филиалынын, SIAR Research and Consulting, Трансперенси Интернэшнл, Кыргыз Республикасындагы USAIDдин демократия жана башкаруу офисинин өкүлдөрү катышышты.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан уюштурулуп, USAID - IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө боюнча Программасынын колдоосу менен өттү.

Пикир

Оставить комментарий