• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку сотто терроризм жана экстремизм темасы боюнча тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 25.01.20. /Кабар/. Жогорку сотто кечээ, 24-январда “Экстремизм жана терроризмге байланышкан иштер боюнча соттук практиканы изилдөө” темасында тегерек стол өттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басары Каныбек Бокоев, Жогорку соттун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын жана жергиликтүү соттордун судьялары, ошондой эле “Аял судьялардын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү катышкан.

“Аял судьялардын кыргыз ассоциациясы” коомдук бирикмесинин эксперттери 2014-2018-жылдарга карата экстремизм жана терроризмге байланышкан иштер боюнча соттук практиканы изилдөөнүн жыйынтыктары, алар боюнча экспертизаны жүргүзүүнүн практикасына сереп салышып, ушул багыттагы иштер боюнча соттук практиканын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары боюнча тыянактар менен сунуштар боюнча презентация жасашкан.

Изилдөөнүн негизги милдеттерине соттор тарабынан жазык иштерин кароодо адамдын конституциялык укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун, укук коргоо органдары менен сот адилеттиги институттарынын өз ара аракеттенүүсүндөгү мүмкүн болуучу көйгөйлөрдү аныктоо, терроризм жана экстремизмди алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты жүргүзүп жаткан мамлекеттик органдар менен Жогорку сотко соттор тарабынан укук ченемдерин бирдиктүү колдонуу боюнча соттук практиканы мындан ары жалпылоо үчүн сунуштарды иштеп чыгуу каралган.

Жогорку соттун судьялары эксперттер тарабынан изилденип чыккан анализдер боюнча алгылыктуу иштер жасалгандыгын жана бул бирдиктүү соттук практиканы жүргүзүүгө жардам болорун белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий