• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жогорку сотто ЖМК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өттү

Коом 0

Бишкек, 2-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда ЖМК өкүлдөрү үчүн тегерек үстөл өттү. Бул тууралуу ЖС басма сөз кызматы билдирди.

Тегерек үстөл “Сот тутумунун ачык-айкындыгы” деп аталып, өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына арналды. Бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева расмий ачып, өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Сот реформасынын негизги талаптарынын бири - бул сот системасынын ачык-айкындуулугуна жетишүү! Учурдагы коомдун талабы да ушундай. Сот реформасынын багыттары жана башкы максаттары: сот адилеттигинин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун кепилдиктерин камсыз кылуу, кадрдык, финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну өркүндөтүү, соттордун иштеши жана судьялардын ишмердиги үчүн талаптагыдай шарттарды түзүү, сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүү үчүн судьялардын жоопкерчилигин жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын адам укуктары жагындагы эл аралык укуктун ченемдерине жана эл аралык стандарттарга ылайык келтирүү, бул жарандардын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоо чөйрөсүн кеңейтүүнү, сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылууга тийиш.

Жогорудагы талаптардын ишке ашуусу үчүн, 2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыгып, ошонун аркасы менен реформа ишке аша баштады. Атайын жумушчу топтор түзүлүп, КР Жазык, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу, Жоруктар, Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстери жана “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү тууралуу”, “КРдагы юридикалык жардамдын мамлекеттик кепилдиги тууралуу” мыйзамдары жаңы жазылып, КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынып, КР Президенти тарабынан кол коюлду. Аталган кодекстердин бир бөлүгү 2019-жылдын 1-январынан тартып ишке кирсе, калгандары ушул жылдын 1-июлунан тарта иштей баштайт”.

Тегерек үстөлдө Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева сот тутумунун ачык-айкындыгы, сот реформасынын жүрүшү боюнча бет ачаар жасады. Ал эми IDLO программасынын кызматкери Нурлан Дүйшеев “Сот тутумунун ачыктыгынын жетишкендиги – сот актыларына жетүү механизмин кеңейтүү” темасындагы баяндамада www.sot.kg сайтынын аткара турган функциясы тууралуу кеңири түшүндүрдү.

“Адилет сот” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Александр Юрьев аталган сайттын техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу суроолорго жооп берди.

Тегерек үстөлдү өткөрүүнү КР Жогорку соту демилгелеп, USAID - IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө жана EWMIнин аткаруусундагы USAIDдин Биргелешип башкаруу программаларынын колдоосу менен өттү. Бул программалардын жетекчилери Фред Хьюстон менен Гарри Лэдбеттэр да тегерек үстөлдүн катышуучуларына сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий