• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку сотто Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата иш-чара өткөрүлдү

Коом 0


Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда, Жогорку сотто КРнын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова, судьялар жана аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жусуп Абдрахмановдун чөбөрөсү Астемир Абдрахманов, ошондой эле Жогорку соттун, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин аппарат кызматкерлери катышышты.

Иш-чараны ачып жатып төрайым Нургүл Бакирова Жусуп Абдрахмановдун өлкөнүн эгемендүүлүгүн түптөөдөгү кошкон зор салымын кыргыздын ар бир атуулу билиши керек экендигин айтты. Алардын ичинде сот тутумунун кызматкерлерине дагы Жусуп Абдрахманов Мекенине кызмат кылуунун бийик үлгүсү болушу керек деп белгиледи.

“Өлкөнүн көз карандысыздыгын түптөөдө өз салымын кошкон инсандарды дайым барктап, даңктап жүрүшүбүз абзел. Мына ушундай Мекенинин эгемендиги жана элинин эркиндиги үчүн жанын сайып, өмүрүн кыргыз улутун калыптандырып, мамлекет курууга арнаган инсандар тууралуу биздин аппарат кызматкерлерге көбүрөөк маалымат бериш үчүн ушундай жолугушууларды байма-бай уюштуруп турууну көздөп жатабыз”, - деди ал.

Өз кезегинде Астемир Абдрахманов Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакировага атайын чакырып, аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүп жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал аппарат кызматкерлерине буга чейин эч жерде чыга элек Жусуп Абдрахманов тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүштү.

Иш-чаранын катышуучулары үчүн Жусуп Абдрахмановдун басып өткөн жолу, жасаган иштери, мамлекеттин түптөлүшүнө кошкон салымы тууралуу даректүү фильм көрсөтүлдү.

Нургүл Бакирова Астемир Абдрахмановдун мазмундуу, ошол эле учурда кызыктуу баяндама жасап бергени үчүн ыраазычылык билдирип, Жогорку соттун атынан белек тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий