• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку соттун 2017-жылы жүргүзгөн иши тууралуу маалымат угулду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча анын төрайымы Айнаш Токбаеванын маалыматы угулду. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева сот адилеттигин тиешелүү деңгээлде ишке ашыруу максатында Жогорку сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, алар боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн, анын ичинен сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу башкы милдеттердин бири болуп санала турганын билдирди.

Ал бирдиктүү соттук практика сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз өз таасирин тийгизерин белгиледи. “Бирдиктүү соттук практиканы түзүү максатында заманбап технологиялар колдонулда. Облустук сотторго видео-конференц байланыш тутумдары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практикада пайда болгон маселелер талкууланып, мыйзамды туура колдонуу жолдору түшүндүрүлүүдө”, - деди А.Токбаева.

Маалым болгондой, Жогорку сот тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапаты менен натыйжалуулугун баалоо усулу иштелип чыккан. Ага ылайык, баардык каралган иштердин сапаты жана алардын мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралуусу квартал сайын бааланат. Мындай усул судьялардын жоопкерчилигинин артышына, сот адилеттигин ишке ашыруу сапатынын жакшырышына өбөлгө түзөт.

Депутаттар элдин сотторго карата ишенимине ээ болуу жаатында ой-пикирлерин айтышты. Эл өкүлү Алманбет Шыкмаматов сот реформасы басаңдап баратканын белгиледи. “Мында сот органдырынын эле эмес, жалпы бийлик бутактарынын да күнөөсү бар. “Тартип комиссиясы” деген түзүмдү кийирүү менен, соттордун көз карандысыздыгын жок кылып алдык. Сотторго көрсөтмө берилип, коркутуу менен башкарып калышкан. Эмне үчүн сотторго иши түшпөгөн адамдар деле сотторго ишенбейбиз дешет? Анткени, сотторго резонанс жараткан иштер аркылуу баа берилет. Андай иштер кандай болгонун көрүп жатпайбызбы. Буга кылдат көңүл буруш керек”, - деди депутат.

Депутаттар Алтынбек Сулайманов менен Курманкул Зулушев Президенттик аппараттын сот реформасы жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн башчысы Манас Арабаев сотторго басым жасап, көрсөтмө берип келгени коомчулукта талкууланып жатканын айтышты. Манас Арабаев бүгүн кызматтан бошотулганы белгилүү болду.

Ошондой эле, Жогорку соттун төраймы учурда кесипкөй эмес соттор тармакка кедергисин тийгизип жатканын белгиледи. “5 жылдык тажрыйбасы бар соттор кызматка дайындалат” деген мурунку ченемдин алынып салынышы чоң жаңылыштык болгон. Ал коррупцияга аралашкан судьялардан тазаланыш керек деген пикирди толугу менен колдойт. Бирок, коррупция менен күрөшүү укук коргоо органдарынын мидетине кирерин айтып, алар ар бир факты боюнча иш алып баруусу зарыл экенин кошумчалады.

Эл өкүлдөрү Жыргалбек Турускулов менен Айнуру Алтыбаева сот процесстерин ачык өткөрүүгө жетишүү зарылдыгына токтолду. "Сот залдарын, кабинеттерди видеокамералар менен жабдууну уюштуруңуздар. Эгер акча жетпесе, бюджеттен каражат бөлүп берүү керек. Сот процесстери ачык болсо, элдин сотторго болгон ишеними жогорулайт", - деди Айнуру Алтыбаева.

Сот системасынын дагы бир приоритеттүү багыттарынын бири катары Жогорку сот тарабынан электрондук сот өндүрүшүн киргизүү аныкталган. Бул багытта Жогорку сот донорлордун жардамы менен бир катар иштерди жүргүзүп, үч пилоттук сотто автоматташтырылган маалымат системасы же электрондук сот өндүрүш системасы ишке киргизилүүдө. Жакын арада бул системаны Бишкек шаарынын биринчи инстанциядагы сотторунун баарына киргизүү пландалып жатканы айтылды.

Жыйынтыгында Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет Жогорку соттун 2017-жылдагы иши боюнча анын төрайымы Айнаш Токбаеванын маалыматын эске алуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий