• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку соттун төрагасы сот тутумунун басма сөз катчыларынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 2022-жылдын 7-февралында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун басма сөз катчылары менен видеоконференц байланыш аркылуу жолугушуу өткөрдү.

Жогорку соттон билдиргендей, жолугушууга Жогорку соттун аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун басма сөз катчылары катышты.

Видеоконференциянын жүрүшүндө массалык маалымат каражаттарында соттук процесстерди чагылдыруу боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү. Журналисттер менен сот бийлигинин басма сөз кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүнүн маселелери, ошондой эле журналисттердин келип түшкөн суроолоруна жооп берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Замирбек Базарбеков басма сөз катчыларга жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз иштешип, журналисттерге сот системасы боюнча өз убагында маалымат берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий