• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков акыйкатчы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. 8-апрелде Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрага Атыр Абдрахматованы КР акыйкатчысынын кызматына шайланышы менен куттуктап, мындай жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалады.

Жолугушууда тараптар адам укуктарын коргоо, сот адилеттигине жетүү, жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүүдө биргелешкен аракеттерди көрүү мүмкүнчүлүктөрү туурасында бир катар актуалдуу маселелерге токтолушту.

Атыр Абдрахматова акыйкатчы болуп шайланганына бир ай болгонун жана аз убакыттын ичинде үч жүзгө жакын жаранды кабыл алганын, ошондой эле соттук отурумдарга мониторинг жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Арыз берген жарандардын жарымынан көбү КР Акыйкатчысынын компетенциясына жана мыйзамдуу ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгы тууралуу айтып, ал бул жагдай институттун маңызын туура эмес түшүнүүдөн келип чыккандыгын айтты. Атыр Абдрахматова адам укуктарын коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн тыгыз кызматташуу жана жалпы күч-аракеттерди багыттоо сунушун киргизди.

Замирбек Базарбеков адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына Акыйкатчынын парламенттик көзөмөлүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, биргелешкен иш Акыйкатчынын натыйжалуулугун жогорулатууга, жарандардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жарандардын сот системасына болгон ишенимин бекемдөөгө жакшы жардам берерине ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий