• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку соттун төрагасы: Жергиликтүү судьялардын ротациясы замандын талабы

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков Жалал-Абад облустук сотунда жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялар жана аппарат кызматкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, төрага жергиликтүү судьялардын ротациясы замандын талабы, мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына шайкеш келген иш-чара экендигин баса белгиледи.

“Жогоруда айтылган судьялардын олуттуу ротациясы жөн гана орун алмашуусу эмес, алардын сот адилеттигин ишке ашыруусундагы жоопкерчилигин, сапатын жогорулатуу, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу жана алардын натыйжасы катары сот тутумуна элибиздин ишеничин кайтаруу максатындагы кадамдардын бири болушу зарыл. Ротацияланып келген судьялар иштерди өз убагында карап, сапатына өзгөчө көңүл бурушу керек”, - Базарбаев.

Замирбек Базарбеков Жалал-Абад облусунун жергиликтүү сотторунда ротацияга чейин каралган иштерге анализ жасап, соттор тарабынан айрым бир кемчиликтер кетирилгендигин айтты. Андыктан, ар бир каралып жаткан иштердин артында адам тагдыры тургандыгын эскертип, адилеттүү, негиздүү жана мыйзамдуу чечимдердин кабыл алынышын баса белгиледи.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу ротацияланып келген судьяларды турак-жай менен камсыз кылуу жагы колго алып, иштөөгө бардык шарттар камсыздалгандыгын айтты.

“Укуктук мамлекетти түзүүдө ар бирибиздин ээлеген ордубуз бар, күчтүү сот тутумун куруу иши баарыбыздын ар-намыс, абийирибизде, ал эми элибиздин сотторго болгон ишенимин актоо - атуулдук жоопкерчилигибизде. Андыктан, элдин сотторго болгон ишенимин арттырууга Жалал-Абад облусундагы судьялар бардык күч аракетин жумшайт “, - деп белгиледи Каныбек Токтосун уулу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жалал-Абад облустук сотуна 11 судья Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарынан ротацияланып келишкен.

Замирбек Базарбеков бул күндөрү Жалал-Абад облусунун бардык райондук жана шаардык сотторуна барып, ротацияланып келген судьялардын иштери жана жашоо-шарттары менен таанышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий