• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку соттун төрагасы жумушчу сапары менен Чүй облусун кыдырды

Коом 0

Бишкек, 06.07.22. /Кабар/. Бүгүн, 6-июлда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековдун Чүй облусуна болгон иш сапары уланды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төрага Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондук сотторунда, ошондой эле Чүй облустук административдик соту менен Чүй облустук сотунда болду.

Чүй облустук сотунда өткөн жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары жана аппарат кызматкерлери менен болгон жолугушууда Базарбеков Чүй облусунда айрым соттор тарабынан иштерди кароодо кетирген кемчиликтерди белгиледи.

“Мыйзамсыз чыгарылган чечимдердин артында адамдын тагдыры тургандыгын ар бир судья унутпашы керек”, - деди ал.

Жогорку соттун төрагасы судьяларга ар бир ишти өз мөөнөттөрүнөн кечиктирбей мыйзам чегинде кароону, айрыкча иштин сапатына көңүл бурууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий