• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматтан кетти

Коом 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева кызматтан кетти, аны аппарат кызматкерлери расмий түрдө узатышты. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

“Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Төрайымдын үч жылдык мөөнөтү аяктады. Белгилүү болгондой, төрайым 2015-жылдын 22-сентябрында кызматына киришкен.

“Жогорку соттун Аппарат жетекчиси Маратбек Осмонкулов Айнаш Токбаеванын 3 жыл аралыгында жасаган иштерине токтолуп, сот тутумунун өнүгүшүнө өз изин калтыргандыгын белгилеп өттү”, - деп айтылат маалыматта.

Анын айтымында, Айнаш Токбаева жетектеген үч жыл аралыгында электрондук сот өндүрүшү ишке киргизилип, автоматташтырылган маалымат системасы жөнгө салынды.

Мындан тышкары төрайым өлкөнүн бардык сотторунун иши менен жакындан таанышып, судьялар жана аппарат кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн жаңы имараттар курулуп, ишке киргизилгендигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий