• 82.38
  • 85.95
  • 1.28

Жогорку соттун төрайымы Аксыдагы селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 13-июлунда КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен улам каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Эскерте кетсек, 12-июлда кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу жайлоолордун биринде катуу нөшөрдүн кесепетинен сел жүрүп, суу сегиз кишини агызып кеткен.

Нургүл Бакирова жеке өзүнүн жана сот тутумунун атынан табигый кырсыктан улам каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн азасын тең бөлүшө тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий