• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы Бишкекте майыптыгы бар жарандарга жардам көрсөттү

Коом 0


Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова өзүнүн орун басарлары Качыке Эсенканов, Нургүл Асанова жана Айнаш Токбаева менен биргеликте 3-декабрь майыптыгы адамдардын эл аралык күнүнө карата Биринчи май районуна караштуу Калыс-Ордо конушунун тургуну Г.С.нын жети жашар кызына жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле Жогорку соттун Профсоюз комитетинин көмөктөшүүсү менен Нургүл Бакирова сот тутумунун аппарат кызматкерине дагы жардам берди.

Төрайым аталган конуштун тургунунун суранычы боюнча кызына керебет жана азык-түлүк жактан жардам берип, кабар алды.

Н.Бакирова майыптыгы бар кызын тарбиялап жаткан энеге кайраттуулукту, сабырдуулукту каалап, эне мээримине бөлөнүп өскөн балдар өзгөчө, жан дүйнөсү таза болоорун белгиледи.

Төрайым жеке өзү кайрымдуулук иштерин көп жасап тураарын, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары дагы аймактарда кайрымдуулук иштерин байма-бай өткөрүп тураарын кошумчалады.

Өз кезегинде алты баланын энеси Жогорку соттун төрайымына атайын келип, кызынын ден-соолугунан кабар алып жаткандыгы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ал кызы үчүн көптөн бери эңсеп жүргөн керебет жаңы жыл алдындагы өзгөчө белек болгондугун айтып, жети жашар кызы көп жылдан бери көзү азиз жана аутизм илдети менен жабыркап келе жаткандыгын билдирди.

Нургүл Бакирова мындан ары дагы жардам көрсөтүп тураарын айтып, эне жана балага бекем ден-соолук жана узак өмүр каалады.

Белгилей кетүүчү жагдай, 3-декабрь майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата учурда жергиликтүү соттор кайрымдуулук иштерин жасап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий