• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку соттун Төрайымы Болгариядан келген делегация менен соттордун адискөйлүгүн көтөрүү маселесин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 2-март /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 2-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева Болгария Республикасынан келген доцент, “Св. Климент Охридски” атындагы София университетинин юридикалык факультетинин деканынын орун басары Георги Митов, Болгариянын адвокаттарын окутуу борборунун Кеңешинин Төрагасы Йордан Йорданов мырзалар жана Европа Биримдигинин “Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” долбоорунун негизги эксперти Радость Тофтисова-Матерон айым менен жолукту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар судьялардын квалификациясын жогорулатууга, майнаптуу окутууларды уюштурууга байланышкан маселелерди көтөрүп, алар боюнча маектешишти.

Келген меймандар Болгариянын тажрыйбасы тууралуу айтып беришкен соң, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасы менен А. Токбаева өзүнүн болгон иш сапар учурунда таанышкандыгын жана биздин менталитетке жана тутумга ылайыктууларын колдоно тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле, жолугушууга Жогорку соттун Төрайымынын орун басары Качыке Эсенканов жана Жогорку сотко караштуу сот адилеттигинин Жогорку мектебинин мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Раушан Тургунбаева катышышты.

Пикир

Оставить комментарий