• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку соттун төрайымы Калиева: Ар бир мыйзамсыз чечим үчүн соттор жооп бериши керек

Коом 0

Бишкек, 16.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 16-октябрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жергиликтүү соттор менен видеоконференция байланышын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн кеңешмеде төрайым соттордун АМС системасын Кылмыштар жана жоруктар бирдиктүү реестри менен интеграциялоо боюнча окууларды улантуу зарыл жана буга облустук соттордун төрагалары жооптуу экендигин айтты.

Ошондой эле Гүлбара Калиева сотторду таза жана адилеттүү иштөөгө чакырып, ар бир мыйзамсыз чыгарылган өкүмдөр үчүн судьялар өздөрү жооптуу болорун эскертти.

Пикир

Оставить комментарий