• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-июлда, Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек шаарындагы Жалил Садыков атындагы №84 орто мектебинде орун алган № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өтүүдө. Аталган шаарларда добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 11-июлга белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий