• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту

Коом 0


Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 24 -сентябрында видеоконференция аркылуу өткөрүлө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кезектеги XVI кеңешмесинин алдында, КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө төрайым Нургүл Бакирова Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун, бул эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге, салтка айланган достук жана жакшы коңшулук мамилелерге өбөлгө түзгөн стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө кызмат кылганын белгиледи.

КР Жогорку соту өлкөнүн сот адилеттигин өркүндөтүү үчүн КЭР тажрыйбасы жана жетишкендиктерине дайыма кызыгуу артып келерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Н.Бакирова сот тутумунун ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууда жетишилген жыйынтыктар жөнүндө, анын ичинде сот тутумунда санариптештирүүнү өнүктүрүү, автоматташтырылган маалымат системасын (АМС соту) киргизүү, аудио жана видео жазуулар системасы, иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү программасы ийгиликтүү иштеп жаткандыгын айтып берди.

Мындан тышкары, төрайым КР сот тутуму үчүн КЭР менен кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири бирдей укук колдонуу практикасын камсыз кылууга салым кошуп, достук мамилелерди тереңдетүүгө, конструктивдүү жана ишенимдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмесинин алкагында өз ара аракеттенүү экенин баса белгиледи.

Нургүл Бакирова алдыдагы жолугушуу ШКУ өлкөлөрүнүн Жогорку сотторунун ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого дагы бир салым болооруна ишенимин билдирип, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту Кытай элчилиги менен кызматташтыкты түзүүгө даярдыгын, ШКУнун алкагында кызматташтыкты күчөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин кошумчалады.

Элчи Ду Дэвэнь Нургүл Бакированы КР Жогорку сотуна чакыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташуу боюнча баарлашууга кызыкдар экенин билдирди.

Ал кыргыз элин эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктап, эки өлкөнүн дипломатиялык кызматташтыгына дагы 30 жыл толгондугун белгиледи. Кыргызстан менен Кытай ортосунда кылымдардан берки келе жаткан достук мамилелер жаңы баскычка чыгып, өз ара байланыштар бекемделерин кошумчалады.

Ду Дэвэнь укуктук жактан дагы эки өлкөнүн кызматташтыгы бекем экендигин, эки мамлекеттин Жогорку сотторунун ортосундагы ишенимдүү кызматташтык улантылат деген ишенимин жасады.

Тараптар ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын кеңешмеси өз ара тажрыйба алмашууга, укуктук талаадагы мамилелерди мындан дагы жакшыртууга өбөлгө болорун белгилешти.

Жолугушуунун соңунда тараптар бири-бирине сый белектерин тапшырып, кеңири кызматташтык жана терең байланыштар улантыла тургандыгын ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий