• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Панфилов райондук сотуна барды

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 25-июнда Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Чуй облусунун Панфилов райондук сотуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү соттордун иши менен таанышуу, сот реформасын талкуулоо максатындагы бул иш-чарананын жүрүшүндө төрайым судьялар, аппарат кызматкерлери, сот приставдары жана сот аткаруучулар менен жолугушууларды өткөрүп жатат.

Панфилов райондук сотунун төрагасы Тилек Тагаев Жогорку соттун төрайымына сот имаратындагы аудио-видео фиксация системасы, архив жана сот залдарынын абалын көргөздү. Андан тышкары, “Жашыл сот” өнөктүгү алкагында жүргүзүлгөн иштер менен тааныштырды. Тагаевдин айтымында, жергиликтүү кызматкерлердин иш шартын жакшыртуу үчүн жаңы имарат куруу пландары бар. Бул үчүн райондук сотко жергиликтүү бийликтер жер тилкесин да бөлүп беришкен.

Нургүл Бакирова кызматкерлер менен жолугушуу учурунда жергиликтүү соттордун материалдык-техникалык камсыздоо маселеси, эмгек акы, сотторго кошумча жардамчылар жана сот тутумунда кесипкөй кадрларды даярдоо маселелерине токтолуп өттү.

“Биз сот реформасын жүргүзүү үчүн бир катар конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү сунуштап жатабыз. Бирок, бул тармактагы чыныгы өзгөрүүлөрдү сиздер гана жасай аласыздар. Ар бириңиздер таза жана калыс иштеп берсеңиздер мамлекетибиздин өнүгүшүнө чоң салым кошкон болосуздар”, — деди төрайым.

Жолугушуу учурунда сот тутумуна иштеген кызматкерлердин тартиби, этикасы жана жарандарга жасаган мамилеси жөнүндө да кеңири сөз болду. Жогорку соттун төрайымы Н. Бакирова буга чейин Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас, Ысык-Көл облустарынын кыдырып, сот тутумундагы кызматкерлер менен иши менен жакындан таанышкан.

Пикир

Оставить комментарий