• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 28.11.21. /Кабар/. Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма соз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бакирова Бишкек шаарындагы № 1019 шайлоо тилкесинде добуш берди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дө өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.

Жаңы мыйзамга ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.

Пикир

Оставить комментарий