• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жогорку соттун төрайымы карыларды майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова улуу муун өкүлдөрүн Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, куттуктоонун тексттинде төмөндөгүчө айтылат:

«Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Ардактуу аталар жана энелер!

Сиздерди майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм! Улууларын сыйлоону, өткөнүн унутпай, тарыхын урматтоону - кутман элибиз жаркын келечекти жаратуунун негизги өбөлгөсү катары баалап келген. Муундардын тыгыз байланышын сактоо менен аталардын улуу жолу уланат. Бабалардын көөнөргүс каада-салты урпактарга жетет, келечекке көрөңгү болуп берет.

Аксакалдарды урматтоо жана сыйлоо кыргыз элинин маданиятынын ажырагыс бөлүгү. Кыргыз элинде «Карысы бардын – ырысы бар» деп айтылып келет.

Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз.

Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.

Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.

Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазылык билдирем!

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, ардактуу аталар жана энелер!Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомчулуктун сый-урматын каалайм!

Пикир

Оставить комментарий