• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку соттун төрайымы жарандарды онлайн режиминде кабыл алды

Коом 0

Бишкек, 15.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-июнда КР Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева биринчи жолу видеоконференц байланышы аркылуу жарандарды кабыл алууну онлайн режиминде өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, видеоконференция аркылуу Ош облусунун жарандары кабыл алынып, алар төрайымга өздөрүнүн суроолорун жолдошту.

Жогорку сотунун төрайымы ар жумада жарандарды кабыл алат, сот өндүрүшүндө турган иштер жана материалдар боюнча арыздарды жана даттанууларды кошпогондо, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын карайт.

Пикир

Оставить комментарий