• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы ЖМК өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 03.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 2021-жылдын 3-ноябрында, КР Жогорку сотунун төрайымы Нургүл Бакирова жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку соттун төрайымынын орун басарлары Нургүл Асанова, Айнаш Токбаева, аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Элмира Байтикова, Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев, кеңешчи Ибраим Нуракун уулу катышты.

Ошондой эле иш-чарага ЮСАИДдин “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Альфред Хьюстон жана Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жетекчиси Стефанос Кареклас катышты.

Алгач, сот тутуму менен ЖМКнын эриш-аркак иштөөсү боюнча ролик көрсөтүлүп, андан соң Жогорку соттун төрайымы куттуктоо сөзү менен чыкты.

Нургүл Бакирова Кыргызстан эгемендик алган акыркы отуз жылдан бери жалпыга маалымдоо каражаттарынын өлкөнүн саясий-экономикалык турмушунда ээлеген ролу абдан жогору экендигин белгиледи.

Бүгүнкү күндө төртүнчү бийлик катарында саналган массалык маалымат каражаттары сот тутумунун ачык-айкындуулугун, адилеттүүлүгүн, айрыкча элдин сот бийлигине болгон ишенимин жогорулатууда ролу жана таасири чоң экендигин айтты.

Сот тутуму жалпыга маалымдоо каражаттарына дайым ачык экендигин белгилеп, өз ара байланыштарды бекемдөө аракеттери көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Жогорку соттун имаратында атайын медиа борбор ачып, аталган борбор аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен кызматташуу мындан ары дагы күчөтүлө тургандыгын ырастады.

“Сот тутумунун маалыматтык ачыктыгын камсыз кылуу үчүн соттор менен ЖМКнын өз ара байланышы эки тараптын мыйзамдарынын негизинде курулушу керек деп ойлойм. Сот системасы ЖМКга толук маалымат берип турушу керек. Ал эми ЖМК өз кезегинде бир гана маалыматты талап кылбастан, сот тутумун өнүктүрүүгө, коомчулукка укуктук жактан маалыматтарды берүүгө көмөктөшүүсү керек деп эсептейм”, - деп билдирди төрайым.

Майрамдык иш-чаранын алкагында сот тутуму менен тыгыз кызматташып келе жаткан бир канча жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара Европа биримдигинин “Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгүнүн 2-фазасы” Программасынын жана “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий