• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жогорку соттун жана Бишкек шаардык соттун судьяларына карата коррупция беренси боюнча иши козголду

Коом 0

Бишкек, 22.02.19 /Кабар/. Жогорку соттун жана Бишкек шаардык соттун судьяларына карата кылмыш-иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Маалыматка ылайык, айрым кылмыштуу топтордун мүчөлөрү чет өлкөлүк инвесторлордун иш жүргүзгөн объекттерин жана мүлкүн мыйзамсыз түрдө ээлеп алышкан.

Жабырлануучулар жардам издеп сотко кайрылышканда, сот системасынын кызматкерлери кылмыштуу топтордун пайдасына керектүү чечимдерди кабыл алганы аныкталган.

8-февралда Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунда иштеп жаткан 3 судьяга карата жана Жогорку соттун мурунку бир судьясына "Коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрында кылмыш белгилеринин жогоруда көрсөтүлгөн фактылары боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин эски редакциясында 303-беренеси (коррупция) боюнча Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун мурдагы төрагасына карата кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий