• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жогорку технологиялардын паркы жыл сайын өзүнүн кызматтарын 10 миллион долларга сатат - Догоев

Коом 0

Бишкек, 16.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын жогорку технологиялар паркы жыл сайын өзүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн 10 миллион долларга сатат. Бул тууралуу "Санариптик Кыргызстан" - 2019-2023" санариптик трансформациясынын улуттук программасы" тегерек үстөлүнүн жүрүшүндө президенттин кеңешчиси Дастан Догоев билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Жогорку технологиялар паркы кайсы кызматтарын сатарына, КРда бул багытта адистерди даярдаган ЖОЖдордун бар же жок экендигине кызыкты.

Догоев кызмат көрсөтүүлөр программалык камсыздоо, Windows жана Office сыяктуу программалык өндүрүштөрдүн багыттарына байланыштуу экенин айтты.

"Ал эми кадрларды даярдоо боюнча айтсак, биз 2020-жылга карата кадр жетишсиздиги 10 миң адамды түзөрүн эсептеп чыктык. Биз билим берүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бирине кошулганбыз. Ош мамлекеттик университетинде санариптик трансформация боюнча багыт ачышты. И.Раззаков атындагы техникалык университетте, БААУда, КОСУда адистерди даярдашат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий