• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жогорку технологиялуу айыл чарба гана кубаттуу экспорттук потенциалга ээ - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна сапарынын алкагында облустагы айыл чарба ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү.

Өкмөт башчы заманбап италия технологиялары менен курулган, алма өндүрүү жана сатууга адистешкен «Агропродукт Азия» экспорттук ишканасына барды.

Ишкана жашылча жана жемиштерди муздак сактоо жана иштетүү менен алектенет. Ачылгандан бери 9800 тонна продукцияны иштеткен, анын 97% Россия Федерациясына, Монголияга, Кытай Эл Республикасына экспорттолгон. Ишканада мөмөнүн түстүк көрсөткүчтөрүнө карата электрондук сорттоо, бузулган продукцияларды сканерлөө, белгиленген көрсөткүчтөрүнө ылайык продукцияны калибровкалоо жабдуулары бар. Бүгүнкү күнү алма багынын аянты 60 гектар, өсүмдүк өстүргөн жерди 200 гектарга жеткирүү пландалууда. Пландалган түшүм жылына 5 миң тоннадан ашуун. Кийинки жылы кургак мөмө-жемиштерди сактоо боюнча линияны чыгаруу пландалууда. Ишканада 20дай адам иштейт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мындай айыл чарба кайра иштетүүчү ишканаларды мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Жыл сайын биздин мекендештерибиз дүйнөлүк тажрыйбаны өздөштүрүп, жашылча-жемиштердин түшүмдүүлүгү жана жакшы сапаты менен айырмаланган жаңы сортторун өстүрүп жаткандыктары кубандырат. Биз айыл чарба өндүрүшүнө эң заманбап технологияларды киргизүү аркылуу агрардык секторду өнүктүрүүдө секирикке жетишип, жаңы жумуш орундарын түзүп жана ресурстарыбызды натыйжалуу пайдалана алабыз», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы сапардын алкагында Москва районундагы «Дар Земли» конверва заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты, завод Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунан 835 миң АКШ доллары өлчөмүндө каржылоо алган.

Өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 15 миң тонна. Бир сменада 40 адам иштейт. Өндүрүш токтоп турган ишкананын ордуна иштеп баштаган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө активдүү иши жана эмгекчилдиги үчүн ыраазычылык билдирип, алардын күч-аракеттери менен агрардык тармак ички жана тышкы инвестициялар үчүн бир кыйла жагымдуу болуп калганын баса көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий