• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

“Жогорку Жал” кичирайонунда беш күн газ болбойт

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын айрым райондорунда 18-октябрдан 22-октябрга чейин убактылуу газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын басма сөз кызматы билдирет.

“18-22-октябрь аралыгында “Жал 19" отказанын жаратылыш газына кошуу иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу “Жогорку Жал” кичирайонунда жаратылыш газын берүү үзгүлтүккө учурайт”, - деп айтылат маалыматта.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, кардарлардан жаратылыш газын өчүрүү учурунда энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий