• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол акысы 15 сом. Баткен шаарына алып келинген автобустардын үчөө каттамга чыкты

Аймак 0

Бишкек, 25.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын ноябрында Баткен шаарына биринчи жолу алып келинген алты автобустун үчөө бүгүн, 25-январдан баштап каттамга чыкты. Бул тууралуу Баткен шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, маршруттук каттам Жибек-Жолу, И. Жусупов, Сайдиман ажы, К.Тумаматов, И. Раззаков көчөлөрүндө, Чет-Булак кварталы боюнча жүрөт. Жол кире акысы 15 сом.

Мэриядан кошумчалашкандай, автобустардын калган үчөө лицензия даяр болуп, тиешелүү уруксат берилсе катталган коюлмакчы.

Белгилей кетсек, Баткен шаарына биринчи жолу 6 автобус алып келинген. Шаар калкын тейлөөгө багытталган автобустар "Айыл Банк" тарабынан 6 жылдык мөөнөттө лизинг аркылуу алынган.

Пикир

Оставить комментарий