• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол боюндагы мектептердин жолу жакшыртылат

Өкмөт 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-июнда, балдардын жол коопсузудугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы дагы бир ирет белгилегендей, бүгүнкү күндө жол коопсуздугу жана балдардын жол-транспорт кырсыктарынан алган жаракаты менен байланыштуу абал коомдогу курч темалардын бири болуп саналат. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев маалымдагандай, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгында республика боюнча 537 орто мектеп жол четинде, чоң жолго жакын аймакта жайгашкандыгы аныкталган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тийиштүү мамлекеттик органдарга жол четиндеги мектептердин коркунуч даражасы боюнча топторго бөлүп, жол инфраструктурасын этап-этабы менен жабдууну тапшырды.

«Аталган иш ырааттуу жана өтө ыкчам жүргүзүлүшү керек. Биринчи кезекте жол кырсыгы коркунучу жогору болгон мектептерде атайын жол чырактар, жол белгилери коюлушу керек», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ички иштер министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлиги жана Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө 2017-жылдын 15-августуна чейинки мөөнөттө жол четинде жайгашкан мектептердин жолунун инфраструктурасын жабдуу боюнча комплекстүү чараларды аягына чыгаруу тапшырылды. Финансы министрлигине жогоруда көрсөтүлгөн чараларды ишке ашырууга акча каражатын өз убагында бөлүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиевдин маалыматында, 2017-жылдын 5 айында, 2016-жылдын 5 айына салыштырмалуу 89 жол кырсыгына (575-486) же 15,4% балдардын катышуусунда жол кырсыктары аз катталган.

«Үстүбүздөгү жылы 130 жүргүнчүлөрдү ташыган ишканаларды комплекстүү текшерүү жана жүргүнчүлөрдү ташыган унааларды 370 жолу текшерүү болгон. Жыйынтыгында 405 автобус жана кичи автобустар каттамдан чыгарылып, административдик жоопкерчиликке тартылып, тиешелүү мамлекеттик органдарга бул багытта 87 көрсөтмө өткөрүлүп берилген», – деди Алмазбек Орозалиев.

Билим берүү жана илим министринин статс-катчысы Калысбек Шадыханов маалымдагандай, өлкөнүн бардык мектептеринде балдарга түшүндүрүү чаралары көрүлүп, ата-энелердин катышуусунда жол эржелерин сактоо боюнча жыйындар өткөрүлүүдө.

Мындан сырткары өлкөдөгү авто унаа айдоону үйрөткөн мектептердин ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Ага ылайык 102 жана 210 мектептерге аныкталган эскертүүлөрдү жок кылуу боюнча көрсөтмөлөр берилген.

Транспорт жана жолдор министринин орун басары Гүлмира Абдралиева билдиргендей, оор кесепеттери менен каталган жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында жол инфраструктурасын жакшыртуу чаралары көрүлүп жатат. Бүгүнкү күндө эл аралык маанидеги «Бишкек-Нарын-Торугарт» (102-169 км чейин), «Бишкек-аэропорт Манас» ( 7-30 км чейин), «Алма-Ата-Бишкек-Ташкент» (235-255 км чейин) жолдоруна бөлүп туруучу темир бетон парапеттер коюлду. Мындан сырткары бөлүп туруучу темир бетон парапеттер Бишкек шаарынын бир катар көчөлөрүнө да орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий