• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Жол боюндагы мыйзамсыз курулуш буздурулду

Коом 0

Бишкек, 19-июнь /Кабар/. Баткен облусунун Кадамжай районунун Халмион айылындагы Пүлгөн-Бүргөндү унаа жолунун боюндагы мыйзамсыз унаа оңдоочу жай буздурулду. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, аталган жайды Мамэкотехинспекциянын инспекторлору текшерүүгө алганда, курулуштун уруксаат кагаздары жоктугу, шаар куруу жана архитектура мыйзамдарынын бир нече беренелери бузулганды аныкталды.

Инспекторлор мыйзамсыз курулушту буздуруу боюнча акты, протоколдорду толтуруп, жеринде 20 000 сом айып салынды. Учурда Мамэкотехинспекциянын койгон талаптары сот тарабынан канааттандырылып, мыйзамсыз курулуш толугу менен буздурулду.

Пикир

Оставить комментарий