• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Жол чарба департаментинин директорлугуна Камилжан Абдыкалыков дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 21.06.21. /Кабар/. Камилжан Абдыкалыков КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору болуп дайындалды.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Жаңыдан дайындалган жетекчини бүгүн транспорт министринин орун басары Нурланбек Кайынбаев жалпы эмгек жамаатына тааныштырды.

Пикир

Оставить комментарий