• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Жол эрежесин бузган айдоочулардын уруксат кагаздары артка алынат – комендант

Коом 0

Бишкек, 26.04.20. /Кабар/. Жол эрежесин бузган айдоочулардын уруксат кагаздары артка алынат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Орозалиев, шаардын көчөлөрүндө унаалар аз экенине карабай, айрым айдоочулар жол эрежсин бузуп, жол кырсыгына учурап жатканын айтып, жол эрежесин сактабаган айдоочуларга кайрылды.

"Учурда шаардын көчөлөрү бош жана автоунаалардын саны аз. Ошондо да унааны катуу ылдамдыкта айдап, жол кырсыгына кабылып жатасыздар. Силерге уруксат кагаздары бул үчүн берилген эмес. Кимде-ким жол эрежесин бузуп, жол кырсыгына кабылса, берилген уруксат кагаздары артка алынарын эскертем", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий