• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулду кабыл алуу убактылуу токтотулду

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Жол эрежесин бузгандар үчүн айып пулду кабыл алуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Маалымат технологиялары жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков айрым жол эреже бузуулар үчүн айып пулдун өлчөмүн төмөндөтүү боюнча мыйзамына кол койгон. Ага байланыштуу айрым техникалык иштер жүрүп жаткандыгы кабарланды.

"Төлөм 2020-жылдын 19-январынан тарта кайрадан кабыл алынат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий