• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Жол эрежесин бузуулар үчүн айыпты кайсыл жерге төлөө керек? – Шаршенбиевдин жообу

Коом 0

Бишкек, 17.01.19. /Кабар/. Мамлекеттик маалымат технологиялары жана байланыш комитетинен “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол коопсуздугун бузгандар айыптарды кайсыл жерге төлөөрү тууралуу маалымат беришти.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында комитеттин төрагасы Бакыт Шаршенбиев айыптарды “Кыргызпочтасынын” бөлүмдөрүндө төлөөгө боло тургандыгын айтты. Андан тышкары Бирдиктүү мамлекеттик порталында өзүнүн ПИНи аркылуу айыптар тууралуу маалыматты текшерүүгө болот, деп билдирди.

“Ошондой эле айыптарды төлөө терминалдары жана мобилдик банкинг аркылуу төлөөгө болот. Бул системалардын бардыгы чогуу иштеп баштайт”, - деп түшүндүрдү ал.

Эске салсак, “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жол эрежелерин бузуулар үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан тарта каттала баштайт. Долбоорду «Вега» «Радиоуктуруу концерни» россиялык компаниясы ишке ашырат.

Пикир

Оставить комментарий