• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол инспекторлору Сузак районундагы социалдык мекемеге жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрынан 15-октябрына чейинки аралыгында "Улгайган адамдарга көңүл буруу жана камкордук" аталышындагы акция өтүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБи боюнча ЖКККБнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын алкагында Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн (ЖКККБ) аппарат кызматкерлери Сузак районундагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык мекемесине барып, аталган мекемеге күнүмдүк турмушта керектелүүчү тазалоочу каражаттарды жана башка оокаттарды тапшырып келишти.

ЖКККБ кызматкерлери менен бирге барган Жалал-Абад шаарындагы №2 К.Закиров атындагы орто мектебинин окуучуларынан турган жол кыймылынын жаш инспекторлору өздөрү даярдап келишкен чакан концерттик программасын тартуулап кайтышты.

Пикир

Оставить комментарий