• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жол кайгуул кызматкерлери Чүй облусунун маршруттук унаа айдоочулары менен баарлашты

Коом 0

Бишкек, 08.05.18. /Кабар/. Май айынын башынан тарта ЖКККББнын кызматкерлери Чүй облусунун бардык райондорундагы эл аралык жана шаарлар аралык жолдордо каттаган коомдук унаалардын айдоочулары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Чүй облусунун ЖКККББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Айдоочулар менен сүйлөшүүнүн максаты – коомдук унаалардын катышуусундагыж жол кырсыгынын алдын алуу, Ысык-Көл облусунун жайкы мезгили учурунда жолдогу жогорку ылдамдыкты сактоо.

Андан тышкары, бир гана КР жарандарын ташуудагы коопсуздук гана эмес Ысык-Көлгө эс алууга келген туристтердин коопсуздугубоюнча да маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий